Кыргыз-Түрк Манас университетинин курамындагы Кесиптик орто билим берүү колледжинде даярдоо курсунан тышкары 2 жылдык кесиптик билим берилет. Окуу жайыбызда практикалык сабактар өз тармагында адис мугалимдер тарабынан интенсивдүү түрдө окутулуп, бүтүрүүчүлөрүбүз өз тармагында адис катары 2 жылдык дипломго ээ болушат.
Университетибиздин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн бирдей пайдаланган студенттерибиз өз кесиптерине ылайыктуу тармактарда жумушка оңой орношууда.
Кесиптик орто билим берүү колледжибиздеги программаларга ачылган квотага тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖРТ сынагынан эң аз 110 балл талап кылынат. КРнын ЖРТ жыйынтыгынан башка эч кандай сынактын жыйынтыгы талап кылынбайт.
Абитуриенттердин катталуусу үчүн кулактандыруу июль айында http://exams.manas.edu.kg веб-баракчасында жарыяланат.
Биздин колледж жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн биздин веб-баракчабызга жана социалдык тармактардагы баракчаларыбызга кириңиз.
Web : Meslek Yüksekokulu (manas.edu.kg)
Mail : myo@manas.edu.kg
Facebook : Профессиональный колледж КТУ «Манас» | Bishkek | Facebook
Instagram : https://www.instagram.com/ktmu.myo
Youtube : Профессиональный колледж КТУ «Манас» - YouTube
Google : https://ktmumyo.business.site
Whatsapp : +996 (312) 49 12 39
Билдирүү жөнөтүү : https://wa.me/996312491239
Колледжибиздин студенттеринин катарында сизди көрүү бизди абдан кубандырат.
КВОТАЛАР
КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ КОЛЛЕДЖИ (2 ЖЫЛДЫК) |
||||
Коду |
Кесиптик даярдоо программасынын аталышы |
Окуу мөөнөтү (жыл)* |
Каралуучу тесттин жыйынтыгы |
Бөлүнгөн орун |
3501 |
Менеджмент программасы (тармактар боюнча) |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3502 |
Экономика жана бухгалтердик эсеп программасы (тармактар боюнча) |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3503 |
Курулуштарды жана имараттарды куруу жана эксплуатациялоо программасы |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3504 |
Автомобил унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо программасы |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3505 |
Мектепке чейинки билим берүү программасы |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3506 |
Маркетинг программасы (тармактар боюнча) |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3507 |
Туризм программасы |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3508 |
Ширетүү өндүрүшү программасы (Mеталл иштетүүнүн жана ширетүүнүн технологиясы) |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3509 |
Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасы |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
3510 |
Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо программасы |
2 |
ЖРТнын негизги тести |
30 |
* Даярдоо бөлүмүндөгү 1 жылдык тил үйрөтүү программасы окуу мөөнөтүнө камтылган жок.